
Мас абалында унаа айдагандар 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Ошондой эле, башка жол эрежесин бузгандарга да бир канча жазалар күчөтүлдү. Мындай мыйзам 8-марттан баштап күчүнө кирет.
Буга чейинки иштеген мыйзам боюнча мас абалында унаа башкаргандар 17 миң 500 сомдон айып пул төлөп келишкен. Эгер алкоголдук ичимдик ичкенин далилдөө үчүн медициналык текшерүүдөн баш тартса үч суткага камалат. Айдоочунун жанында айдоочулук күбөлүгү жок болсо, беш суткага камалып, унааны бир жыл башкарбашы керек болот. Эгер мас абалында унаа башкарып бара жатып, кырсыкка кабылса, 168 саатка камалып, айдоочулук күбөлүгү 1 жылга алынат. Мас абалында экинчи жолу унаа айдаса, үч жылга чейин күбөлүгү алынат. Мындан сырткары айдоочулук күбөлүгү жок рулда отурса 15 миң сом айып пул төлөп, 72 саатка камалат.
Жаңы мыйзамда айдоочу бир жылда үч жолу жол эрежесин бузса кайра экзамен тапшырыш керектиги да камтылган. Бул жаза каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү, атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу каражаттар менен бара жаткан кызматтык унаалардын кыймылына артыкчылык бербөө деген сыяктуу 7 учурда жол эрежесин бузгандарга тиешелүү болот. Айдоочулар жаза күчөсө айдоочулук күбөлүктөн айрылып калбаш үчүн олчойгон суммалар роль ойноп калышы мүмкүн дейт. Бирок жол кыймылын көзөмөлдөгөндөр тыкыр текшерүүлөр болуп турат деп ишендиришүүдө.
2022- жылы Ош облусунда 1424 мас айдоочу кармалып, анын ичинен 9 айдоочу жол кырсыктарын жасаган. Ал эми ушул жылдын 2 айында 228 айдоочу мас абалында кармалган. Азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча мас абалында унаа башкаргандарга жаза катары айып пул салынып келген.
Автор: Асем Улукбек кызы, Зыягүл Болот кызы
Оставьте первый комментарий