
Ош шаарындагы «Жапалак» муниципалдык автоунаа базарында төлөмдөр көтөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты аталган базардын жетекчилигинен тастыкташты.
Ага ылайык, 2-февралдан тарта жуманын иш күндөрү 1 унаага 60 сомдон, ишемби күнү 100 сом, жекшемби күнү 200 сомдон төлөнө баштаган.
Буга чейин иш күндөрү 20 сомдон, ишемби күнү 60, жекшемби күнү 120 сомдон алынып келген. Базар жетекчилигинен бул көтөрүүлөр планды толуктоо максатында ишке ашканын кошумчалашты.
Бирок, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамга ылайык, төлөмдөрдү Ош шаардык кеңеши көтөрүп бериши керек эле.
«Бул боюнча азыркы күндө шаардык кеңешке кат жолдогонбуз. Каттын жообун күтүп жатабыз. Тарифтерин көтөрүү боюнча мыйзамда так кесе жазылган эмес. Себеби Жапалак унаа базарында башка базарлар сыяктуу эле жарандар менен келишим аркылуу иш жүргүзүшөт», — дейт мэриянын юристи Нурсултан Акылбек уулу
Ош шаардык кеңешинин депутаты Болот Баевтовдун айтымында, жергиликтүү жыйымдарды, жеңилдиктердин суммаларын шаардык кеңеш гана аныктап берет. Унаа базар менен мэр Бакытбек Жетигеновдун өз ара келишип, төлөмдөрдү кымбаттатуусу мыйзамга каршы келет.
Мындан сырткары, Ош шаарындагы борбордук базардын жер акысы да көтөрүлгөнү боюнча айтылган. Соодагерлер төлөмдөр көтөрүлө электигин бирок 100 пайызга көтөрүү боюнча сөздөр айтылып, жыйындар болгонун билдиришти. Борбордук базардын жетекчилиги өткөн жылы бюджетти 5млн. сом менен жапканын, быйыл болсо 15 млн сомго чыгарышарын айтышууда.
Автор: Асем Улукбек кызы, Нургелди Каныбек уулу
Оставьте первый комментарий