
Эл каттоонун жыйынтыгы боюнча 1 миллион адам туруктуу жашаган жеринде жок болуп, анын 876 миң 883ү чет өлкөдө экени аныкталды. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Статистикада 2022-жылдын 25 мартына чейин катталган калктын саны көрсөтүлгөн. Каттоого жалпы 6 млн. 936 миң 156 адам алынган. Алардын 1 млн. 94 миң 514ү туруктуу жашаган жеринде жок болгон.
Жашаган жеринде убактылуу жок жарандар
Бул жарандардын 964 миң 630у жумуштан улам башка өлкөгө же Кыргызстандын башка аймактарына кеткен. Калганы окуу, үй-бүлө шарты же башка себептер менен жашаган жеринде убактылуу жок.
Жумуш издеп же башка себептер менен жашаган жеринен башка аймакка же чет өлкөгө чыгып кеткен жарандардын басымдуусу же 781 миң 427си айыл тургундары.
Оставьте первый комментарий