Бишкектин мэри быйыл жол тыгыны толук чечилээрин билдирди

Быйыл 2023-жылы борбордо жол тыгыны толугу менен чечилет. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров, бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал үчүн Беларус менен Кытайдан газ менен жүрүүчү дагы 1000 автобус алынып келинет.

«Жыл аягына чейин дагы 1500 автобус келет. Учурда Кытай жана Беларус өлкөлөрү менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Ал өлкөлөрдө ишканалар жылына 30 миң автобус чыгара алат экен. 2023-жылы Бишкекте коомдук транспорт маселеси толук чечилип, жол тыгыны жоюлат», —  деди мэр.

Ошондой эле, Бишкекте маршруттук каттамдар шаар сыртына чыгарыла турганын кошумчалады.

Автор Максат Боронбаев 52 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*