Ош: Өзбекстандан алынып келинген автобустардын сегизи бузулду

Былтыр октябрь айында Ош шаарына Өзбекстандан алынып келинген 50 даана автобустун сегизи бузулду. Алар оңдоо иштерин талап кылууда. Мэрия алардын ар бирин 37 миң доллардан сатып алган.

Автобустардын сегизи тең ар кайсыл жеринен бузулган. Биринин терезеси сынып, экинчисинин тетиги иштен чыгып, токтотулганына бир жума болгон. Ош мэриясына караштуу «Автоунаа» муниципалдык ишканасынын инженери Ырысбек Жээналиевдин сөзүнө караганда, автобустарды оңдоо үчүн өзбекстандык компанияга билдирүү жөнөтүшкөн. Алар жооп беришсе, ушул жума оңдолуп, каттамдарга чыга баштайт.

«Эки-үч автобустун компрессорлорунун катырылган жерлериндеги болттору сынып кеткен. Ташкенттеги 40 автобустун өкүлдөрү менен байланыштык. Алар жакынкы күндөрү келип оңдоп беришмей болду. Ташкенттеги өкүлдөр келсе, автобустардын баары оңдолуп ишке чыгат», -дейт Жээналиев.

Өзбекстандык компания автобустарга эки жылдык кепилдик берген. Эгер автоунаанын бузулган тетиктери 50 доллардан кымбат болсо, чыгарган компания төлөп берет. Тескерисинче, 50 доллардан арзан болгон болсо, анда мэрия тетиктерди өз каражатына сатып алат. Жаңы автобустардын бузулушу боюнча Ош шаардык мэриясына моралдык жоопкерчилик сезесиңерби? деген суроо узаттык. Жергиилктүү бийлик техника бузулат деген жооп менен гана чектелди.

«Оңдоо мөөнөтү бүткөндөн кийин ишкананын эсебинен өзүбүз оңдоп баштайбыз. Техника деген техника экен, бузулат. Быйыл да автобустарды алабыз. Так санын азырынча айта албайбыз», -дейт Ош шаардык мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Эшмамбет Кармышаков.

Буга чейин бул тармакты караган вице-мэр Сонунбек Жунусбаев баасы арзан, сапаты жакшы деген кепилдик менен азыркы автобустарды сатып алууга акча бөлүүгө шаардык кеңешти ынандырган. Ошол эле учурда тетиктерди коңшу өлкөдөн алып келүү оңой болот деп  айткан болчу.

Ош шаардык Кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев сапаттуу автобустарды сатып алуу демилгесин буга чейин көтөргөн эле. Мэриянын бул жылы ушул эле автобустан дагы сатып алуусуна  каршы экендигин айтат. Ал эми бузулган автобустар үчүн мэрия кызматерлери жоопкерчилик тартышы керектигин белгиледи.

«Куратор болгон вице-мэр Сонунбек Жунусбаев түздөн-түз жооптуу. Баардыгына жооп бериш керек. Автобусту алып келээрде убадалап ортого түшкөн адамдар кана? Бир нерсе сатып алаарда акылдашыш керек да. Арзандыгына карап эле алып алышкан. Макул, ошентип алганыбыз менен бузулуп баштабадыбы», -дейт Арзибаев. 

Өзбекстандан алып келинген элүү автобус 1 млн 850 миң долларга бааланган. Кыргыз сому менен эсептегенде жалпы 50 транспорттун баасы дээрлик 150 млн 800 миң сомго чукулдайт. Анын 50 миллион сому мамлекеттик казынадан төлөнөт. Калганын шаардык мэрия беш жыл ичинде кредиттик негизде бөлүп төлөп берет.

Жаңы автобустар майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайсыз

Муниципалдык унаа ишканасынын маалыматына караганда, жаңы автобустарда майыптыгы бар жарандардын же коляскалардын чыгуу мүмкүнчүлүгү каралган эмес. Аны кайрадан өзгөртүү үчүн автобус чыгарылган заводко талап коюлганда, алар баш тарткан.

Эске салсак: Ош шаардык мэриясы 2016-жылы дагы 30 автобус, 23 троллейбус сатып алган. Анын экөө жарактан чыгып, онго жакыны капиталдык ондоого муктаж. Аларды алууга Европа өнүктүрүү банкынан 558 млн сом кредит алынып, 2026-жылга чейин жыл сайын 62 млн сомдон төлөшү зарыл.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*