
Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин 77 депутат колдоду. Талкуу маалында эл өкүлдөрү мугалимдин кадыр-баркы, бала бакчалардын, мектептердин санын көбөйтүү, ата-энелерден акча чогултууга тыюу салуу, билим берүү уюмдарынын менеджерлерин даярдоого байланыштуу маселелерди көтөрүштү.
Иманалиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, жаңы билим берүү модели улуттук, советтик жана эл аралык тажрыйбалардан турарын белгиледи. Анын айтымында, жай мезгилинде эксперттик топ жаңы билим берүү стандарттары боюнча иш алып барат.
Каныбек Иманалиев 24-февралдан тартып билим берүү министринин милдетин аткарып жатат. Ошол эле күнү мурдагы министр Уланбек Мамбетакунов кызматынан бошотулган. 27-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети Иманалиевдин талапкерлигин бир добуштан колдогон.
54 жаштагы Каныбек Иманалиев публицист, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. 2021-жылы парламенттик шайлоого Чүй облусундагы бир мандаттуу округдан талапкер болгон.
Оставьте первый комментарий