Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт

ӨКМнин архив сүрөтү

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы Марат Аблазизов Кыргызстанда 4554 аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал «Т-Медианын» эфиринде айтты.

«1186 жер көчкү калктуу конуштарга жана объектилерге коркунуч жаратууда. Бардык жер көчкүлөрдүн басымдуусу Ош жана Жалал-Абад облустарында».

Аблазизовдун маалыматы боюнча, өлкөдө кооптуу аймактарда 3812 үй-бүлө жашайт. Анын ичинде 2106сы Ош облусунда болсо, 1077си Жалал-Абадга туура келет.

«Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте жер көчкүлөрдү механикалык жол менен көчүрүү боюнча долбоорду ишке ашырып жатабыз. Анын алкагында Кыргызстан боюнча 46 эң кооптуу делген жер көчкү участоктору тандалган. Жаратылыш кырсыгы көбүнчө Жалал-Абад жана Ош облусунда болуп жатпайбы. Учурда жер көчкүлөрдү тектирлеп жок кылууга аракет кылып жатабыз. Бул жакшы натыйжа берсе, ошол кооптуу аймактардан кеткиси келбеген жергиликтүүлөр ошол жерде эле жашап кала беришет», -дейт ал. 

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*