
Бүгүнкү күндө социалдык тармактарда ар бир адам, каалаган маалыматын жайылтуу жеңил болуп калган. Мындайда, кээ бир топтор жалган маалымат таркатып кимдир бирөө же кайсы бир мамлекет тууралуу жаңылыш пикир жараткан кез болот. Аны биз “фейк” деп гана билебиз.
А бирок, мындай маалыматтарды расмий органдар бөлүшүп жатсачы? Бул да болгону жаңылыш берилген фейк маалымат болобу? Же анын артында кыңыр максаты барбы?
Дал ушундай кээде фейк, кээде тандалма чындык менен адамдын оюн манипуляциялап өз кызыкчылыгын пропаганда кылган учурлар көп. Айрыкча мамлекеттер ортосунда конфликт жаралган кезде мындай маалыматтар көбөйөт. Аларды сиз аңдап жатасызбы? Өзүңүздү сынап көрүңүз.
Оставьте первый комментарий