Сузакта 9-класстын окуучусу каза болду

Сузак районунун Сафаровка айылында мектеп окуучусу ур-токмоктон каза тапты. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү катары онунчу класстын бир нече окуучусу кармалды. Бул тууралуу «Т-Медиага» Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз өкүлү Шеркул Тургунбаев билдирди. Окуя 1-мартта болгон.

«Аны өзү окуган мектептин аймагында сырттан тааныш болгон балдар уруп, денесине залал келтиришкен. Кийин окуя болгон жерден качып кетишкен. Жабырлануучуну ооруканага алып келгенде өзүнө келбей каза болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 10-класстын окуучулары кармалды. Алар өздөрүнөн бир класс кийин окуган беш баланы «түндө эмнеге көчөгө чыкпай жатасыңар» деп колдору менен урушкан. Т.М. жерге жыгылып, башы дубалдын кырына тийип жарылып, ошол эле жерде каза болгону аныкталган», -дейт Тургунбаев. 

Милиция «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр Сузак райондук ички иштер бөлүмүнун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*