Өзгөндө жер көчкү коркунучу бар жаңы аймак аныкталды

ӨКМнин архив сүрөтү

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагындагы Кызыл-Күңгөй участкасында жаңы активдешкен жер көчкү жаракалары аныкталды. Бул тууралуу «Т-Медиага» Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы Марат Аблазизов билдирди.

Аблазизовдун сөзүнө караганда, кооптуу деп табылган ал аймакта ушу тапта 18 түтүн жашоосун улантууда. Жергиликтүү бийликке тургундарды көчүрүү сунушу берилген. Бирок жер ажыратыла элек.

«Жер көчкү жаракаларынын жалпы аянты тогуз гектарды түзөт. Анын болжолдуу көлөмү 900 миң кубга барабар. Ал жер кайракы айдоо жер болгон. Жергиликтүүлөрдун айтымында, жазда кадимкидей эле эгин эгишкен. Ал маалда жер көчкүнүн белгилери жок болгон. Күздө эгин жыйнап жатышып жаракаларды байкап калышат. Жергиликтүү бийликке 18 турак-жайды көчүрүүнү сунуштаганбыз. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө алар дагы эле кооптуу аймакта жашап жатышат. Себеби жергиликтүү бийлик тургундарга жер ажыратып берүүгө азыр даяр эмес».  

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Шакир Мамадалиевдин билдиришинче, бүгүнкү күндө 103 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар участоктордо жашайт. Анын ичинде кызылкүңгөйлүктөр да бар. Аларга чек ажыратып берүүгө жер жок болууда.

«Бир участокко баарын көчүрүп барыш кыйын, анын үстүнө алар барбайт экен. Жер тилкесин бөлөлү десек ошол да жок болуп жатат. Жалпак-Таштын тегереги бүт көчкү. Тургундар Куршаб менен Кызыл Октябрга көчүп келгенге кызыкдар. Биз жакта Киров деген айыл бар, бирок ал жакка көчпөйт. «Убактылуу чатырларга, туугандарыныкына барып тургула» деп эскертүү гана бере алабыз. Андан башка айлабыз жок. Жалпак-Ташта 98 үй-бүлө коопсуз аймактардан чек алган. Бирок бүгүнкү күндө алар «ата конушту таштабайбыз» деп мурунку эле жерлеринде жашап жатат».

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 3812 үй-бүлө өзгөчө кооптуу аймакта жашайт. Алардын ичинен эки миңден ашуун түтүн башка жактарга көчүү үчүн мамлекеттен жер тилкесин жана ссуда алышкан. Бирок дагы деле кооптуу аймактарда жашап жатат. 2017-жылдан тартып мүлктү камсыздандыруу боюнча мыйзамга ылайык, ссуда берүү токтотулган.

2003-жылы Өзгөндүн Жалпак-Таш айылында жер көчүп, Сөгөт айылын басып калган. Натыйжада 40 киши көчкүнүн алдында калып каза тапкан. Арасында балдар болгон. Жер көчкү коркунучу бар кооптуу аймактар негизинен Ош, Жалал-Абад облустарында жайгашкан.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*