
Эмгек министрлиги “Эл аралык эмгек уюмунун Эмгек чөйрөсүндө зордук жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө №190 Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документ Koomtalkuu.gov.kg порталында жайгаштырылды.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде эмгек тармагында зомбулук жана асылуу жүрүм-турумдун кабыл алынгыс формалары экени белгиленген.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу – жумушчуларды, өзгөчө аялдарды коргоого түрткү берери айылат.
Документ эмгек ишмердүүлүгүнүн бардык тармагында, анын ичинде жеке мекеме-ишканалардын кызматкелерине карата да колдонулат.
Конвенцияда заманбап дүйнөдө, өзгөчө пандемия маалында аралыктан иштөө мүмкүн экени да камтылган.
2019-жылы Эл аралык эмгек уюму зордук-зомбулукту, куугунтуктоону жана асылууну жоюу боюнча конвенция кабыл алган.
Оставьте первый комментарий