
Ошто милиция кызматкери басымга кабылганын айтып чыкты. Мурдагы участкалык кызматкер Максатбек Аваз уулу жетекчилигинин басымынан улам иштен кеткенин айтып, президентке кайрылды. Анын билдирүүсү социалдык тармактарда тарап жатат.Ош облустук милициясы ички иликтөө иштери башталганын кабарлады.
Эмне болду?
2-мартта Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери, милициянын ага лейтенанты Максатбек Аваз уулу мекеменин жетекчиси Мурат Айтиев аны өз каалоосу менен жумуштан кетүүсүн талап кылып куугунтуктаганын айтып чыкты. «Болбосо кылмыш ишин козгоп кетиребиз» деп коркутканын айтат.
«Ички иштер министрлигине ишке кирип жатып «Жетекчиликтин же болбосо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын мыйзамсыз буйруктарын, талаптарын аткарам» деп ант берген эмесмин. Мен Кыргызстандын элине ак кызмат кылам деп ант бергем. Мени «Эмнеге көрсөткүчтөргө жетпейсиң? Эмнеге жыйынтык жок?» деп жумуштан айдады. Айыл жеринде кызмат өтөсөм, өзүм тейлеген аймакта эч кандай кылмыштуулук катталбаса, мен кайсы кылмышты беремин? Кайсы карапайым элдин баласын мыйзамсыз жолго барып жыйынтык чыгарышым керек?» – деп суроо салган ал.
Ал өзү сыяктуу кугунтукка кабылган миңдеген милиция кызматкерлери жумушунан айдалып кетпейин деп укугун коргой албай жүргөнүн да кошумчалаган. Ошондой эле жетекчиси аны уруп, денесине залал келтиргенин белгилеген.
«Мага окшогон жүздөгөн, миңдеген кызматкерлер бар. Алар жумушуман, айлыгыман айрылып калбайын деп өздөрүнүн укугун коргой албайт. Мисалы, кечээ күнү Мурат Айтиев мени кесиптештеримин арасында эч бир себепсиз, оозго алгыс сөздөр менен тилдеди. Адамдык аброюма шек келтирип, мени уруп, денеме залал келтирип отурат. Негизги эле себеп планды аткарышым керек экен. Урматтуу Садыр Нургожоевич, Ички иштер министрлигинде болуп жаткан башаламандыкты токтотуп, адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту орнотуп берүүңуздү суранам. Бул нерсени өзүм үчүн эмес, Кыргызстандын келечеги үчүн суранып жатам»,– дейт Авазбек уулу.
Милиция эмне дейт?
Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынан аталган видео боюнча ички иликтөө жүрүп жатканын билдиришти. Мекеменин басма сөз өкүлү Нурпери Абдуллаеванын сөзүнө караганда, 1-мартта саат 22:50дө облустук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Аваз уулу денесинен жараат алып ооруканага кайрылганы боюнча Ош шаардык клиникасынан кабар түшкөн.
«Максатбек Авазбек уулуна карата «ээлеген кызматынан төмөндөтүү, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын карамагына калтыруу» деген буйрук 1-мартта чыккан. Иштен кеткен жок. Башка аймактарда жумушун улантса болот. Учурда анын ар бир дооматы боюнча Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы жана прокуратура тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Жыйынтыгында юридикалык баа берилет» – дейт Нурпери Абдуллаева.
Бул окуя кысымга кабылганын айтып чыккан милиция кызматкерлеринин арасындагы алгачкы көрүнүш эмес. Былтыр Ош облустук милициясынын ага лейтенанты Чубак Сыргакбек уулу да президент Садыр Жапаровго кайрылган. Ал мекеменин ошол кездеги жетекчиси Жеңишбек Абитовду коррупцияга, мыйзамсыз иштерге айыптап, мындай көрүнүштү айтып чыкканы үчүн аны кызматтан алганын билдирген.
Кийин Ички иштер министрлиги Чубак Сыргабек уулунун билдирүүсү боюнча түшүндүрмө тараткан. Анда ал 2021-жылы жайында иштен алынганы айтылат. Буга аялы менен үч жашар уулуна кол көтөргөнү негиз болгон. Министрликтин бул билдирүүсүнөн кийин Сыргабек уулунун жубайы үн катып, маалыматты төгүндөгөн.
Ош: жетекчисин коррупцияга айыптаган милиция жумушуна кайтты
Оставьте первый комментарий