
Ош шаарындагы борбордук базардын эски имараты жайгашкан жер жеке жактарга башма-баш алмашылып кеткен. Мындай маалыматты мекеменин жетекчисинин орун басары Канатбек Амираев «Т-Медиага» билдирди.
«Мөөнөтү жетип, колдонууга жараксыз деген бүтүм чыккан. Имараттын дубалдары эски болгондуктан тирөөчтөрдү коюп калганбыз. Жараксыз имаратты бузуп, кайра куруп чыкканга бизде каражат жок болчу. Ошонун негизинде демөөрчү таап, сүйлөшүп, жерди биротоло алмаштык», -деди ал.
Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев Амираевдин айткандарын четке кагууда. Анын билдиришинче, базар дирекциясы отурган эски имарат учурда оңдоп-түзөөдөн гана өтүп жатат.
«Эч кандай алмашуу болгон эмес. Убагында эскилиги жетип, авариялык абалдагы имарат экен. Учурда реконструкция иштери жүрүүдө».
Оставьте первый комментарий