Өзгөн: 14 мамлекеттик кызматкерге кылмыш иши козголду

Өзгөн райондук прокуратурасы 1998-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта «Кадастр», Архитектура жана райондук администрацияда иштеген он төрт кызматкерге кылмыш ишин козгоду. Алар жер мыйзамдарын бузган деп айыпталып жатат. Бул тууралуу «Т-Медиага» прокурордун орун басары Саркарбек Эшманов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, аталган кызматкерлер «Бал-Көчөт» акционердик коомуна 164,5 гектар жерди берүүдө мыйзам бузган.

«Акционердик коомго 164,5 гектар жер убактылуу пайдаланууга берилген. Бирок жер мыйзамдарын бузуу менен өткөн. Анын ичинен 2 гектар 69 сотых жерге, 45 сотых бала бакчанын жерине кызыл китеп берилип калган. Мындайча айтканда жерлер акционердик коом тарабынан сатылууда. Тергөөнүн жүрүшүндө 14 адам аныкталып, ар бирине юридикалык баа берилди. Кылмыш иши 2021-жылы козголгон. Былтыр октябрда өндүршкө алынып, быйыл февралда сотко жөнөттүк», -дейт Эшманов.

Ош облустук соту бул боюнча толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*