
Пиязды Кыргызстандын аймагынан сыртка сатууга салынган убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Чектөө, Министрлер кабинетинин кечээ, 3-мартындагы № 111 токтому менен алынган.
Кыргызстанда пиязды сыртка экспорттоого 31-январда үч айга тыюу салынган. Пияздын бардык түрүнө байланыштуу мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанилүү товарлардын баасынын жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөнү белгиленген.
Кайрадан 24-февралда министрлик пиязды сыртка сатууга коюлган чектөөнү алып салуу тууралуу токтом долбоорун иштеп чыгып, Министрлер кабинетине бекитүүгө сунуш кылганын билдирген. Бул ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Оставьте первый комментарий