Махмудов менен Шаршенбеков Болгариядагы мелдеште алтын байге утту

Кыргыз балбандары Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов Болгариядагы рейтингдик эл аралык мелдеште грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль утту. Бул тууралуу күрөш федерациясы билдирди.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта күрөшүп, финалда польшалык балбанды жеңди.

Ал эми, Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта күч сынашып, финалда армениялык балбанды утту.

Мелдеш Болгариянын София шаарында 2-мартта башталып, бүгүн 5-мартта аяктады. Ага, Кыргызстандан төрт балбан барган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*