«Улуттук кийим – бул элдин тарыхы». Президент Ак калпак күнү менен куттуктады

«Улуттук кийим – бул жөн эле кийим эмес, ал элдин тарыхы, маданияты, каада-салты жана жашоо-турмушу». Президент, Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады.

«Ак калпагыбызды жараштыра кийип даңазалаган, улуттук кийимдерибизди көркүнө чыгарган мындай иш-чаралардын өткөрүлүүсү кыргыз элинин байыркы тарыхына, бай маданиятына, бүгүнкү күнгө чейин учугу уланып келе жаткан каада-салтына кызыгууну жаратат. Ата Журтубуз менен арка-бел болуп калдайып караан туткан элибизге болгон сый-урмат сезимин күчөтөт. Ошону менен бирге укмуштай кереметтерди жараткан кол өнөрчүлөрүбүз менен уздарыбыздын көз майын короткон түйшүктүү эмгегин сыйлоого алып келет. Бүгүнкү майрам күнүндө маданий мурастарды алып жүрүүчүлөр болгон кол өнөрчүлөрүбүзгө терең ыраазычылык билдире кетейин. Алардын колунан чыккан салттуу кийимдерибиз улуттун улуулугун дүйнө жүзүнө таанытып, тарыхый жана маданий баалуулуктарыбыздын даңазаланышына, өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөт» — деген президент.

Ак калпак күнү официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Бул күндү белгилөөнүн ежиссер Рысбек Жабиров демилгелеген. 2016-жылы атайын токтом кабыл алынып, улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында Ак калпак күнү расмий белгиленип келет.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*