Президент көп балалуу аялдын үйү түрттүрүлгөн окуяны териштирүүнү тапшырды. Видео

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта «Ак-Ордо» конушуна барып, үйү түрттүрүлүп кеткен Марал Шараболотова менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. 

Султанбаевдин айтымында, Жапаров соттун чечиминен улам үйү буздурулуп, өзү балдары менен барар жери жок калган келиндин окуясы коомчулукта чоң резонанс жараткандыктан, маселени жеринде териштирүүнү чечкен.

«Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алып, салган үйдө жолдошу жана жашы жете элек төрт баласы менен жашап келген. 2017-жылы, мораторий маалында ушул эле тилкеге башка тараптар кызыл китеп алышкан. Соттук органдар аялдын курулушун мыйзамсыз деп таап, аны бузуу чечимин кабыл алышкан. Абийирсиз тараптардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бул сыяктуу көйгөй көпчүлүк жарандарда болууда» — дейт Орунбеков.
Президент жолугушууда, окуя боюнча териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди.
Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*