Бишкекте гезит-журнал саткандар нааразычылыкка чыгышты. Видео

Бишкек шаарынын мэриясынын алдына гезит-журнал сатып иштегендер атайын акцияга чыгып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Бүгүн, 6-мартта  Бишкек шаарынын мэриясынын алдына 20дан ашык адам чогулду. Алар мэриянын гезит-журналдарды саткан күркөлөрдү алып салуу тууралуу чечимине нааразы экенин билдиришти.

«Былтыр июнь айында мэрия бизге бир ай мөөнөт берип, заманбап күркөлөрдү(киоска) жасагыла деп талап кылган. Биз ошол башкы архитектура иштеп чыккан эскиз боюнча жаңылап, 250-350 миңге чейин акча сарптадык. Белчеден карызга баттык. Бирок, жасап койгондон кийин жылдырып алып коюп жатышат. Ошондо биз эмне кылабыз? Биздин акчабызды ким төлөп берет? Кантип пайыздарды төлөп, кантип өзүбүздүн жаныбызды багабыз? Мэрия кабыл алган жок. Келсек мэр Ошко командировкага кетиптир. Вице-мэр да чыккан жок. 4 киши гана киргиле деди. Кирсе “Реестр бергиле. Мен ар бир точкага барып муну жылдырам, муну алып коём” деп айтты.  Биз эмне кылабыз? Миграцияга кетелиби?», — деди чогулгандардын бири Чынара Мырзабаева.

Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев шаардын келбетин оңдоо иштери жүрүп жаткандыгын айтып, айрым гезит саткан күркөлөрдүн келишимдери мурунку жылы эле жокко чыгарылып, бирок, демонтажда иштери болбогондугун айтты. Ал ошондой эле буга чейин күркөлөрдү жаңылоо үчүн берилген мөөнөттө да айрым күркөлөр оңдолбогондугун айтып, эртеңден баштап ар бир күркөнү кыдырып чыгаарын билдирди. 

«Эгер чындап эле оңдогондор болсо биз алардын келишимдерин узартып бергенге дайынбыз. Ал эми кээ бирөө оңдодук деген шылтоо менен сыртын 200 сомго боёк алып келип боёп койгон бул оңдогон эмес да. Ал эми кээ бирөө чын эле оңдосо, кээ бири ошол эле бойдон турат. Эч нерсе өзгөргөн жок. Биз ошондой эле аларга айтып жатабыз. Гезит саткан күркө болгондон кийин гезит гана саткыла. Спирт ичимдиктерин, тамеки сыяктуу заттарды сатпагыла деп жеткирип жатабыз. Бирок, анын баары толук кандуу аткарылбай жатат», — деп билдирди Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев.

Бишкек шаары боюнча жалпысынан 120га жакын гезит-журналдарды саткан күркөлөр бар.

 

Автор Максат Боронбаев 52 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*