
Токтогулда дарыгердин шалаакылыган улам ымыркай колунан ажыраганы тууралуу маалымат боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Министрлик райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда териштирүү жүрүп жатканын белгилеген.
“Бул иш министрдин жеке көзөмөлүндө. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет” — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин социалдык тармакта Токтогулда дарыгер наристеге ийнени туура эмес сайып, мындан улам анын колу ириңдеп кеткени тууралуу маалымат чыккан. Дарыгердин шалаакылгынан кийин наристе Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна жеткирилип, колуна ампутация жасалганы маалымдалган.
Оставьте первый комментарий