
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Степной айылында жайгашкан ЖАКтын №2 — мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды ыргытууга аракет кылган жаран кармалды.
Мекеменин маалыматына караганда окуя 6-март күнү болжол менен түнкү саат 01:30 чамасында болгон. 35 жаштагы С.М.А. аттуу жаран негизги дубал аркылуу мекеменин ички аймагына ыргытуу жолу менен тыюу салынган бумдарды киргизүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган.
Анын жанынан 8 даана уюлдук телефон табылган.
Эске салсак, жаза аткаруу жайларына мобилдик байланыштарды алып кирүүгө болбойт.
Оставьте первый комментарий