
Ошто бузулуп каттамга чыкпай турган сегиз автобустун жетөө оңдолду. Бирок айдоочу жоктугунан каттамга чыкпай турат. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош мэриясына караштуу «Автоунаа» муниципалдык ишканасынын инженери Ырысбек Жээналиев билдирди.
«Ташкенттен (ред- заводдогулар) адистерин жөнөттү. Алар жети автобусту оңдоп кетишти. Бирөөсүнүн каптал жагындагы айнеги сынып турат. Азырынча оңдолгон автобустар каттамга чыга элек. Себеби айдоочулар оңдолушун күтпөстөн жумуштан кетип калышкан. Эми башка табышыбыз керек».
Жээналиев жеңил ремонтторду жасатуу үчүн Оштогу бир компания менен сүйлөшүү жүргүзүп жатышканын кошумчалады.
«Учурда «Автомол» деген сервис менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Ташкенттен келген делегация менен да макулдашып көрөбүз. Эгер уруксат беришсе, Өзбекстанга кайрылбастан эле жеңил ремонтторун өзүбүз кыла беребиз».
Сегиз автобустун бузулуп, каттамага чыкпай жатканы февралдын аягында белгилүү болгон. Өзбекстандык компания автобустарга эки жылдык кепилдик берген. Эгер автоунаанын бузулган тетиктери 50 доллардан кымбат болсо, чыгарган компания төлөп берет. Тескерисинче, 50 доллардан арзан болгон болсо, анда мэрия тетиктерди өз каражатына сатып алат.
Былтыр октябрда Ош шаарына Өзбекстандан ар бири 37 миң АКШ долларына бааланган 50 автобус алып келинген. Кыргыз сому менен эсептегенде жалпы дээрлик 150 млн 800 миң сомго чукулдайт. Анын 50 миллион сому мамлекеттик казынадан төлөнөт. Калганын шаардык мэрия беш жыл ичинде кредиттик негизде бөлүп төлөп берет.
Муниципалдык унаа ишканасынын маалыматына караганда, жаңы автобустарда майыптыгы бар жарандардын же коляскалардын чыгуу мүмкүнчүлүгү каралган эмес. Аны кайрадан өзгөртүү үчүн автобус чыгарылган заводко талап коюлганда, алар баш тарткан.
Эске салсак: Ош шаардык мэриясы 2016-жылы дагы 30 автобус, 23 троллейбус сатып алган. Анын экөө жарактан чыгып, онго жакыны капиталдык ондоого муктаж. Аларды алууга Европа өнүктүрүү банкынан 558 млн сом кредит алынып, 2026-жылга чейин жыл сайын 62 млн сомдон төлөшү зарыл.
Оставьте первый комментарий