
Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча былтыр кыргызстандыктардын орточо номиналдык эмгек акысы 26 миң 620 сом болду. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 31,8 пайызга көп.
Статистикалык маалыматтарга караганда өткөн жылы көңүл ачуучу тармактарда 70%га чейин, саламатык сактоо жана социалдык тейлөө тармагында, билим берүү, мамлекеттик башкаруу тармактарында маяна 35-49%га чейин көтөрүлгөн.
Эгек акы орточо эсептегенде Бишкектеги мекемелерде жогору. Андан кийин Нарын, Талас, Жалал-Абадда орточо эмгек акы башка аймактардан көбүрөөк.
Орточо маянаны бөлүп эсептегенде бюджеттик мекемелерде 23 миң 407 сом, бюджеттик эмес тармактарда 32 миң болгон.
Оставьте первый комментарий