Нарын облустук милициясынын мурдагы жетекчиси Алмазбек Жумабеков жаңы кызматка барды 

Сүрөт: turmush.kg

Нарын облустук милициясынын мурдагы башчысы Алмазбек Жумабеков Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Маалыматты «Т-Медиага» министрликтин басма сөз өкүлү Адилет Мусаев тастыктады.

«Буйрук үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында чыккан. Жумаеков мурдагы ээлеген ордунан төмөндөтүү менен бошотулган болчу. Ошондуктан кайрадан кызматка келди», -деп билдирди ал. 

2022-жылдын 24-декабрында УКМК «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он кишини кармаганын, анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялаган. Маалыматка караганда, алар Кочкордогу кафенин ээсин «зордуктап, кафени өрттөйбүз» деп коркутуп акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсүнө эч кандай чара көргөн эмес.

Окуядан кийин Нарын облусу боюнча 22 милиция кызматкери жазаланган.Тогуз кызматкерди иштен алынып, дагы үч кызматкер ички иштер органдарынын катарынан бошотулуп, калгандарына тартиптик жаза берилген. Кызматтан алынгандардын арасында Алмазбек Жумабеков да бар.

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*