
Баткендин Исхак-Полот хан айыл аймагында элүү чакты үй-бүлө арыз жазып, кезек күтүп алган үй-жайлары жайыт багытындагы жер деп табылып, соттон чечим да чыкканын айтышат. Жергиликтүү бийлик болсо өз токтомунун мыйзамдуулугун, жашоочулардын кызыкчылыгын коргоо аракетин кылаарын билдирүүдө.
Кадамжай районунун Исхак-Полот хан айыл аймагындагы элүүгө чукул адамга айыл өкмөт токтом чыгарып берген жерди сот жайыттын аймагы деп тапты. Бул тууралуу жергиликтүүлөр айтып чыгышты. Аталаган айыл тургуну Ирода Кыргызова он жылдан ашык кезек күтүп, жер тилкесине араң жеткенин айтат. Жалгыз бой эне айыл өкмөттөн алган жерине үй курам деп насыя алып пайдубалын курган. Эми мынтип маселе жаралып, жеринен айрылганы турам дейт.
«Биз каяка баралы эми? Документ алыш үчүн арыздарды алып алып канча жыл жүгүрдүк? Оңой эле колубузга тийип калган жок. Уруш-талаш менен алганбыз. Өкмөт дароо эле колубузга карматкан эмес. Текшерген болчу. Сотко каттап жүргөнүбүздө бир-эки жер адиси биз менен кошо барып жүрдү. Баткендин соту чечип бербей, 20-мартта Бишкекке барганы жатабыз», -дейт Кыргызова.
Нурболот Исмаилов Орусияда иштеп тапкан каражатына 2017-жылы ушул айылдан эки жер участогун үйү менен сатып алган. Мурдагы ээсинде баардык документтери толук болгон. Нотариустан, мамлекеттик каттоо кызматынан алды-сатты кагаздарын да жасатышкан.

«Айыл өкмөт жердин кызыл китебин бүтүрүп берген. Сатып алып жашап жаткам. Былтыртан бери сот болуп жерлерибиз жайытка өтүп жатыптыр. Москвадан келгениме төрт күн болду. Райондук, облустук соттон жерлер жайыт болсун деген чечим чыгыптыр. Эми бир эле Жогорку сот калыптыр. Эгер, андан да өтсө, биздин жерлер жайытка өтүп кетет экен».
Аталган айылдын дагы бир тургуну Сайдилла Нишанов араң алган жер тилкеси мыйзамсыз делинип, сот жайыт багытындагы жер деп таап, өкмөт кайра алып коймой болуп турат деп нааразы болууда. Анан дагы тегереги үй салууга элге берилип, бирок булардын жери жайыт делинген.

«Он бир жолу сотко бардым. Алар «айыл өкмөт жайыттын эсебиндеги жерлерди силерге берип коюптур» дейт. Бул аймакка үйлөр салынып калган. Менин жеримен бир чакырым нары жакта тамдар турат. Алар калган дагы, 12 кожолук ушул абалда турабыз. Халмион айыл өкмөтүндө 48 адам жабыр тарткан. Баардыгынын кызыл китеби бар», -деп билдирди Нишанов.
Үй-жайын, жер тилкесин сактап калабыз деп жүргөңдөдүн баарында Мамлекеттик каттоо кызматынын актылары, жергиликтүү бийликтин токтом, чечимдери, тийешелүү ыйгарым укуктуу кызматтардан талап кылынган кагаздары бар. Өз чечимин, токтомдорунун мыйзамдуулугун коргоп жергиликтүү бийлик буга чейин аракет да кылган эмес. Азыр эми жаңыдан кызматка дайындалган айыл аймак жетекчиси Жыргалбек Дыйканов элдин кызыкчылыгы корголот деп убада берип жатат.
«Ар биринин колунда мыйзамдуу токтом жана мамдлекеттик актылар берилиптир. Бул боюнча мен дагы толугу менен карап, чечип, элге жардам бергенге күчүмдү жумшайм. Бүгүн экинчи иш күнүм болгондуктан так маалымат бере албай жатам. Тийиштүү юристтер, адистер менен сүйлөшөбүз».
Исхак-Полот хан айыл аймагынын Жеңиш айылынын жаңы конуш тургундары мыйзамдуу түрдө алган жерлери кантип мыйзамсыз болуп калаганына түшүнбөй турушат. «Эгерде чын эле жайыт боло турган болсо, калкты убайымга салып эмне үчүн мамлекттик актыны чыгарып берет?» деп тийешелүү мекемелерди күнөөлөшөт.
Оставьте первый комментарий