
Ошто коомдук тамактануучу жайдан 5 миллион сом акча урдоого шектелип кармалган өспүрүмдөр менен юридикалык жардам кызматынын адвокаттары иштешип жатат. Бул тууралуу Региондор аралык башкармалыгынын жетекчиси Толкун Эргешов «Т-Медиага» билдирди.
Буга чейин редакцияга “Калктын аярлуу топторун коргоо жана өнүктүрүү борборунун” башчысы Зейнеп Эшмуратова уурулукка шектелген өспүрүмдөргө акысыз адвокат бөлүнбөй жатканын маалымдаган. Мындан улам, окуяга укуктук баа берүү үчүн акыйкатчы институтуна кайрылган.
«Биз мамлекеттик акысыз юридикалык жардам боюнча юстициядагы бөлүмгө кайрылдык. Алар консультация гана берип, адвокат болгондо сиздерге жазып коёбуз дешкен. Бирок, жазышпады. Ата-энеси да Жалал-Абаддагы «Справедливость» деген уюмга кайрылыптыр. Алар да жардам беребиз деп айтышпады. Ошол себептен акыйкатчы инстутутуна ачык кайрылдык. Биз тергөөчүлөргө да пробацияга чыгарып бергиле деп кайрылдык. Негизи балдар азыр кармалбаш керек болчу» , — деген Эшмуратова.
Бирок юридикалык жардам кызматы өспүрүмдөр менен 4-январдан бери адвокаттар иштешип келе жатканын билдирди. Алардын маалыматында, өспүрүмдөргө буга чейин да башка иштер боюнча акысыз адвокат бөлүнүп келген.
«Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам реестринин Ош шаары боюнча адвокаттары бул балдар менен 4-январдан бери иштешип келет. Ал учурда, балдардын бири башка ишке шектелип, ал иш кыскартылган экен. Кийинки иш боюнча 17-январда ошол эле 2008-жылы туулган (М.Д ) өспүрүмгө Абдисатар Чоконов адвокат болгон. 26-январда М.Д. жана А.Н. аттуу жашы жете элек балдардын укуктарын коргогон. Акыркы отурумда өспүрүмдөрдү 4- апрелге чейин тергөө абагында калтыруу чечими чыккан» — деди юридикалык жардам кызматынын региондор аралык башкармалыгынын башчысы Толкун Эргешов.
6-мартта Акыйкатчы институту да Жалал-Абад шаарындагы өспүрүмдөр кармалып турган №53 ТИЗОсуна мониторинг жүргүзүү үчүн барды. Алар балдар менен жеке маектешип келгенин, арыз даттануулар болбогонун кабарлады.
Оставьте первый комментарий