
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан активист Рита Карасартова президент Садыр Жапаровдон камактагы аялдарды чыгарууну суранып кат жазды. Анын кайрылуусу «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.
«Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселеде да, Ата-Мекенди коргоону ыйык милдет катары кабыл алып, өзүмө пикирлеш адамдар менен бийликтин саясатына карама-каршы келсе да, элге өз позициябызды ачык жеткирип турдук. Эң эле өкүнүчтүүсү биздин бул аракетибизди «бузукулук», «душмандык» катары кабыл алганыңыз өтө өкүнүчтүү. Эгер, чынында эле бир кичинекей чогулушту чоң кылмыш катары кабыл алып жатсаңыз сизден өтүнөрүм, абакта ден соолугунан ажырап, оор операцияга кабылып, жапа чегип жаткан эне, эжелерибиз Асия Сасыкбаева, Гульнара Джурабаева, Клара Сооронкуловалардын аялзаттыгын, энелигин, алардын эл үчүн кылган мээнетин урматтап, эң эле жок дегенде улгайган жашын, ден-соолугун, үй-бүлөсүнүн абалын эске алып үй камагына чыгарып берүүңүздү өтүнөм. Анткени ошол жыйынга бул айымдар менин суранычым менен, чакыруум аркылуу келип катышып беришкен», -дейт ал.
Карасартова өзү эч качан мамлекетке каршы иш жасабаганын айтып, өмүр бою адам укугу, адам эркиндиги үчүн күрөшүп келе жатканын белгилеген.
«Биз «Кемпир-Абад» туткундары абакта мыйзамсыз камалып жатканыбызга бешинчи ай болуп баратат. Ушул күнгө чейин айыпты угузууга тергөө органдары бир дагы ишеничтүү далил таба элек. Албетте, тагдырыбызда өтө оор, татаал күндөрдү өткөрүүдөбүз. Сиз өзүңүз айткандай «түрмөдө жыландын дагы баласы жатпасын», бирок тилекке каршы, сиз өзүңүз, үй-бүлөңүз кечкен күндөрдү биз менен чогу ата-эне, балдарыбыз, бир туугандарыбыз кечип, күйүткө кайгыга батып турушат. Ушул күнгө чейинки аракеттеримде бир дагы учурда мен жеке кызыкчылыгымды же болбосо мамлекетке каршы максаттарымды көздөгөн жокмун. Өмүр бою адам укугу, адам эркиндигине арнап, көп эле адамга колуман келген жардамымды аяган жокмун», -дейт Карасартова.
Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Үй камагына чыккандар: Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев.
Ушул тапта оппозициялык саясатчылар Равшан Жээбеков жана Клара Сооронкулова ооруканада. Алар дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин тергөө абагына кайтарылат.
Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.
Ички иштер министрлиги шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, «Кемпир-Абадды коргоо комитетин» түзүшкөн.
Оставьте первый комментарий