Иманалиев сабак учурунда түз эфир уюштурган окуучу менен жолукту. Видео

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев сабак учурунда түз эфирге чыгып, мугалимге орой мамиле кылган окуучу менен жолукту. Иманалиев, кечээ окуя болгон Бишкектеги №91 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназиясына барган. 

Министр окуучуну ар дайым мугалимди сыйлоого чакырды. Ал эми окуучу түз эфирде кылган жосунсуз жоругу үчүн эжейинен жана жалпы мугалимдерден кечирим сураган.

«Эгерде сен Акжол Махмудовдой чемпион болом десең мен сага жардам берем. Айсулуу Тыныбекованы, Акжол Махмудовду дагы эжей-агайлар окуткан. Мен агай-эжелерди сыйлап жүрүп, министр болдум. Мен мугалимди сыйлагандардын баары менен дос болом. Биз мугалимди коргой албасак, чек араны кантип коргойбуз?», — деген министр.

Ошондой эле, Иманалиев жетекчиликке балдар жана ата-энелер үчүн психологдор менен жолугушуу уюштурууну, класстык тарбиялык сааттарды өтүүнү тапшырды.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*