
Кыргызстандагы аял лидерлерди алдыга сүрөө жана колдоо максатында алардын мамлекеттик башкаруудагы ролун арттыруу саясатында кардиналдуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда билдирди.
«Байыртадан эле нарк билги кыргыз журтчулугунда «Эне бир колу менен бешик терметсе, экинчи колу менен аалам терметет» деп айтылып келген. Ата салтын азыркыга чейин сактап, улуттун келечеги энелердин колунда, деп кыргыз аялзатынын коомчулуктагы орду жогору бааланат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан айымдары өлкө келечеги болгон жаш муундун мыкты тарбиячысы, үй-бүлөнүн куттуу очогу эле болбостон, коомдук-саясий абалга да батыл аралашып, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келет. Кыргызстандагы аял лидерлерди алдыга сүрөө жана колдоо максатында алардын мамлекеттик башкаруудагы ролун арттыруу саясатында кардиналдуу чаралар көрүлөрүн белгилеп кетейин. Урматтуу аруузат айымдар! Тарыхыбызда даңкы таш жарган, кыраакы каныша атыккан Курманжан датка энебизден үлгү алуу менен өз заманыңыздардын татыктуу асылзаттары болосуздар деп бекем ишенем. Ар дайым бакыттын туу чокусунда болуп, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, бар болуңуздар, Кыргызстандын кымбаттуу айымдары» — деген Жапаров.
1975-жылы Бириккен Улуттар Уюму 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары жарыялаган. Ошондон тарта бул күн аялдардын укугун коргоо Эл аралык күнү жана эл аралык тынчтык күнү катары белгиленип келет.
Оставьте первый комментарий