«Алай» командасы футбол боюнча суперкубокту утуп алды

Сүрөт: Ош мэриясы

Кыргызстандын футбол боюнча 2023-жылдагы суперкубогун Оштун «Алай» командасы жеңип алды.

Таймашта «Алай» командасы канттык «Абдыш-Ата» клубун 1:0 эсебинде утту. Топту 82-мүнөттө Рыскелди Артыкбаев киргизди.

Суперкубок үчүн беттеш 8-мартта Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өттү.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*