Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында бир нече депутат президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновду сындап чыгышты. Алар президентке кайрылып, тез арада чара көрүүнү белгилешти.
Эл өкүлү Жусупбек Коргонбой уулу Жамалдинов токой чарбанын жерин, үйүн бир тууган агасына каттатып алганын билдирди.
«Оштун губернатору Абшыр-Атага караштуу лесхоздун жерин, үйүн кошо өзүнүн бир тууган агасы Жамалдинов Арапбайга 2021-жылы өткөзүп алыптыр. Андан сырткары Кулатов айыл өкмөтүндөгү 181 гектар жерди, анын ичинен беш гектарын мөмө-жемиш иштетем деп туруп каттатып алыптыр. Менде Мамалекеттик каттоо кызматынын расмий кагаздары турат. Бир күн дагы бизнес кылбай туруп ушунча жерге, ушунча мүлккө ээлик кылганы президенттин өкүлүнө моралдык-этикалык жактан уят нерсе. УКМК, прокуратура муну текшерип чыксын. Өзүнүн ыйгарым укуктарына таянып, айыл өкмөттөрдөн мектеп директорлоруна чейин, керек болсо райондогу кадр маселелерине чейин кийлигишкени туура эмес. Бизнеске, инвесторлорго дайыма бут тосуу менен алек. Ал өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген. Мен анын Ысык-Көлдөгү пансионаттарын жана башкаларын айта элекмин», -дейт депутат.
Кесиптеши Эмил Жусупов да Ош облусунун жетекчиси туура эмес иштерди жасап жатканын айтты. Ал эми депутат Алишер Козуев Жамалдинов айыл өкмөт башчыларына, орун басарларына чейин басым кылып жатканы боюнча бир топ арыздануулар түшкөнүн белгиледи.
«Оңой акча табуу максатында мыйзамга туура келбеген жерлерди мыйзамдаштырып бересиң деп кысым көрсөтүп жатат. Айыл өкмөттөрдү акимдер көзөмөлдөйт, ага акимдин үстүнө туруп алганга ким укук берди? Ошко келген инвесторлор бир гана облус башчысынын астынан өтүш керек деген пикирде турат. Ансыз бир да кыймыл болбой калды», — деди Козуев.
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, депутаттардын сөзүн президент Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жеткирип коюуну суранды.
Зиядин Жамалдинов президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2021-жылдын 22-июлунда дайындалган. Ал Ош облусунун Ноокат районунда туулуп-өскөн. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен келген. 2020-жылы августта мандатын өз ыктыяры менен тапшырып, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Бүтүн-Кыргызстан» партиясы менен барган.
Оставьте первый комментарий