Жаз чакырган жашылчалардын базар баасы

Өлкөдө күн жылуулана баштагандан бери Оштун базарларында сатууга чыккан жашылча жемиштердин түрү көбөйдү. Жаздын келгенин эске салып турган бул жашылчалардын айрымдарынын баасы быйыл бираз кымбат.

Биздин сүрөттөрдөн базардагы көктөрдүн түрү менен таанышыңыз. 

Учурда, базарда чырычтын бир килограммы 40-50 сом, тамак-ашка колдонуучу ак көк менен көк пияздын бир боосунун баасы 20-25 сомдон сатылып жатат.

Руккола менен ысмалактын килограммы 120-130 сомдон, болгар калемпири 270-280, помидор 230, бадыраң 120-130 сомдон.  Былтыр бул мезгилде, көк чөптөрдүн бир боосу 10 сом, ысмалак 50 сомдон сатылган.

Калемпирдин килограммы 1000 сомдон, даанасы 10 сомдон сатылууда.

Автор: Элиза Бакытбек кызы

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*