
Жалал-Абадда «Fazman Textile» деңгээлине туура келген текстиль ишканасы ачылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы 9-мартта билдирди.
Курулушка Өзбекстан-Кыргызстан өнүктүрүү фонду тарабынан 16 млн АКШ доллары бөлүнөт. Ишкананы Жалал-Абаддын Ноокен районуна куруу пландалууда.
Өкмөттүн маалыматында «Fazman Textile» Өзбекстандагы текстиль фабрикасы. Ал жылына 1 млн даанага чейин костюмдарды чыгарат. Экспорттун көлөмү 15 млн АКШ долларына бааланат.
Оставьте первый комментарий