
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин депутаттарына жооп кайтарды. Ал журналисттерге маалымат жыйын берип, дарегине айтылган дооматтардын баары негизсиз экенин айтты.
«Депутаттардын ар бир сөзүн укук коргоо органдары териштирип чыксын. Анын жыйынтыгы боюнча маалымат берилет деп ойлойм. Кадр маселесине эч качан кийлигишкен эмесмин, ага ыйгарым укугум да жок. Мектеп директорлору кантип шайланып жатканын баары билет. Ал эми мени «бизнеске бут тосуу менен алектенет, бир дагы күн бизнесте иштеген эмес, ушунча мүлк жыйнады» дейт. Менин Бишкек шаарында бир эле үйүм бар. Ысык-Көлдө дагы пансионаттары бар дешти. Ушунун баарын текшеришсин. Мен билбей жүргөн пансионаттарым болсо анда мага таап беришсин. Балким, ал депутаттар өз ара сүйлөшүп алып «мен айтайын, колдоп койгула» дегендир. Парламентте ошондой болот да. Кээ бир депутаттар кадрдык жана башка маселелер менен чыгат», -дейт Жамалдинов.
Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында бир нече депутат Зиядин Жамалдиновду сындап чыгышты. Алар президентке кайрылып, тез арада чара көрүүнү белгилешти. Эл өкүлү Жусупбек Коргонбой уулу Жамалдинов токой чарбанын жерин, үйүн бир тууган агасына каттатып алганын билдирди.
Эл өкүлү Эмил Жусупов да Ош облусунун жетекчиси туура эмес иштерди жасап жатканын айтты. Алишер Козуев болсо, Жамалдинов айыл өкмөт башчыларына, орун басарларына чейин басым кылып жатканы боюнча бир топ арыздануулар түшкөнүн белгиледи. Жыйынтыгында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, депутаттардын сөзүн президент Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жеткирип коюуну суранды.
Оставьте первый комментарий