Ошто жер титирөө катталды

Ош облусунун Чоң-Алай, Алай райондорунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн 9-мартта саат 10:42 чамасында Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Силкинүүнүн күчү Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Алай районунун  Сары-Могол айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Автор Т-медиа 11885 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*