Ошто 107-маршруттук каттамдын айдоочулары нааразычылыкка чыгышты

видеодон скриншот алынды

Ошто 107-маршруттук каттамдын айдоочулары нааразычылыка чыгышты. Айтымдарында, бул линияга дагы башка каттам кошулуп алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаралууда.

107-линиянын бригадири Ороз Чолпонбаевдин айтканына караганда, Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги 111-маршруттук каттамды жаңы ачып, Озгур-Достук линиясына койгон. Мындан улам ал каттамдагы 30га жакын айдоочу ишсиз калышы мүмкүн.

«Биздин каттам Аэропорт, Мөөнөк, Достук линиясын тейлеп келген. Жетимиштен ашуун айдоочу иштейт. Күнүнө он беш маршрут аэропортту, дагы он беши Мөөнөктү, калганы Достукту тейлейт. Үч каттам тең Озгурдун көпүрөсүнө чейин келип кетет. Азыр эми 111-каттамды ачып, Озгур тарапты кыркып, эми болсо «Достукту да силерден алып салабыз» деп жатат. Бул жерде эки-үч адамдын кызыкчылыгы болууда. «111-маршрутка жаңы линия ачкыла» десек ынабай жатат».

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Мунарбек Тургунбаевдин билдиришинче, 111-маршруттук каттам калаа башчысы Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасы менен ачылган.

«Былтыр Озгур айылынын тургундары мэрияга «107-маршрутка аз каттап жатат» деп кайрылышкан. Ошол учурдагы мэр Алмаз Мамбетов маселени чечүү боюнча тиешелүү кызматтарга протоколдук тапшырма берген. 15-мартта комисия айдоочулардын маселесин карап, чечими чыгарат».

Калаадагы жүргүнчүлөрдү эки ишкана тейлейт: Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги жана Муниципалдык автоунаа ишканасы. Учурда шаар ичинде жүргүнчү ташыган 26 троллейбус, 18 автобус, 1000ден ашык маршруттук кичи автобус каттамга чыгат.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*