Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп Канышай Имарова дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Бакытбек Жетигенов кол койгон.

Имарова буга чейин аталган башкармалыктын экономика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Буга чейин Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Сталбек Төрөбек уулу кызматынан кеткени кабарланган. Төрөбек уулунун өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Мэрия да анын эмне себептен кеткени боюнча маалыматты ачыктай элек.

Ал 8-февралда Ош шаарынын жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумунда катуу сөгүш алган. Буга себеп катары бюджетке аз акча төктү жана эсептөө палатасынын текшерүүсүнөн кийинки иштер деп көрсөтүлгөн. Бирок ал бюджетти кынтыксыз, ашыгы менен толтурганын айтып, эмнеге сөгүш алганына түшүнбөй жатканын билдирген. 

Сталбек Төрөбек уулу бул кызматка 2022-жылдын май айында дайындалган болчу.

Автор Т-медиа 11884 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*