
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын «Жалал-Абад» санаториясынын директорунун орун басары опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 9-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.
Атайын кызматтын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, шектүү УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-берененин 2-бөлүмү («Опузалап пара талап кылуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
«Директордун дарылоо бөлүмү боюнча орун басары А.М.С. санаториядагы бейтаптардан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды. Шектүү бекер бериле турган медициналык процедураларды, акы төлөнчү кызматтардын тизмесине киргизип, дарыланып жаткандардан акча алып жүргөнү аныкталды. Ал муну менен системалуу түрдө алектенип жүргөн», -деп айтылат маалыматта.
Шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Оставьте первый комментарий