Бишкекте кайрадан ККМге каршы митинг өттү. Видео

Бишкектин Максим Горький атындагы паркына Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Бишкек шаарынан чогулган жүзгө жакын соодагерлер нааразычылык акциясына чыгышты. Чогулгандар бийиликтен контролдук-кассалык машина колдонууга мороторий киргизүүнү, салык эрежелерин жеңилдетүүнү жана аларды президент Садыр Жапаровдун кабыл алышын талап кылышты.

«Биздин эки гана максатыбыз бар. Биринчиси ККМге мороторий, экинчиси патент бойдон калсын. Башка эч кандай максатыбыз жок. Ишкерлердин баардыгы ошол максат менен чогулуп жатабыз. Азыр барыбыз ушундай бир чечимге келдик. Бир гана Садыр Жапаров өзү бизди кабыл алсын. Талас, Нарын, Ысык-Көлдөн жана Бишкектен келгендер да бар. Биз өткөндө да кабыл алынбай калганбыз. Эми бизди өзү кабыл алсын. Кабыл алмайынча биз бул жерден тарабайбыз», — деп билдирди Талас облусунан келген Медет Сүйүнбаев.

Кыргызстанда быйылкы жылдан тартып соода-сатык менен алектенген ишкерлер үчүн контролдук-кассалык машина, товардык-транспорттук коштомо кагазынын электрондук түрү жана электрондук эсеп-фактуралар болушу шарт. 

Ал эми Салык кызматы аталган талаптын максаты ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу экендигин айтып, бардык салык төлөөчүлөр бирдей төлөшү керек деп билдирген. Бирок, салык төлөөнүн жаңы эрежелери ишке киргенден баштап, бир катар  сатуучулар менен майда ишкерлер буга карата нааразычылктарын билдирип келишет. 

Аталган маселе Жогорку Кеңеште да бир нече жолу көтөрүлгөн. Анда эл өкүлдөрү салык кызматы өзү даяр эмес болгондуктан ишкерлерди убара салып жатканы да айтылган. 

Апта башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Ала-Тоо 24» телеканалына берген маегинде зарыл болсо өкмөт милдеттүү түрдө ККМ колдонуу мөөнөтүн жылдырышы мүмкүн экенин айткан. Бирок кийинчерээк ККМге каршы митингдер боюнча Facebook баракчасына пикирин жазып, «нааразылык акцияларынан чыныгы пайда көрүүчүлөр – аткезчилик жол менен товар ташыгандар экенин» билдирген.

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) болушу шарт. Буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан «жеке кабинет»  ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт. ККМ, ЭТТНден тышкары электрондук эсеп-фактуралар (ЭЭФ) да кирген.

Автор Максат Боронбаев 52 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*