
Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын быйылкы жазгы каникул күндөрүн аныктады. Мекеменин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков «Т-Медиага» билдиргендей, Кыргызстандын мектептеринде жазгы каникул 20-марттан 26-мартка чейин созулат.
«Негизи каникул 22-марттан 26-мартка чейин уланышы керек эле. Бирок Министрлер кабинети тарабынан 20-21-март күндөрү да эс алуу деп белгиленгенине байланыштуу окуучулар 20-марттан 26-мартка чейин эс алып, 27-март күнү кайрадан сабакка келишет», -дейт Мырзабеков.
Быйыл январда катуу суук болгонуна байланыштуу мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 16-январга чейин узартылган. Балдар кышкы эс алууга 2022-жылдын 30-декабрында тарашкан. Окуу планына ылайык, мектептерде сабактар 11-январдан тарта жанданышы керек болчу.
Оставьте первый комментарий