
Ош шаардык китепканасына караштуу 12 бөлүмдүн онун жабуу сунушу шаардык кеңешке келип түштү. Мындан казынага сегиз миллиондой сом үнөмдөлөөрү айтылууда. Ушу тапта китепканалардын пайдасы бар-жогун депутаттык комиссия иликтеп жатат.
Оштогу китепканалардын көпчүлүгү жабылып калышы мүмкүн экенин китепкананын кызматкерлери «Т-Медиага» билдирип, Ош мэриясына нааразычылыгын буга чейин бир нече ирет билдиришкен. Шаардык бийлик бул жолго барууга аргасыз болуп жатканын айтышты. Анткени бюджетти бекитип жатканда китепканалар үчүн 17 млн сом сунушталган. Бирок шаардык кеңеш 12 млн сом деп бекитип берген. Социалдык тармакты тейлеген вице-мэр Нурбек Кадыров бөлүнгөн акчага ылайык китепканалар кыскартылышы мүмкүн дейт.
«Китепканалар боюнча бюджетти шаардык кеңеш бекитип берди. Ошол каражатка ылайык, шаардагы китепканалардын, кызматкерлердин санын ошого ылайыкташтырабыз. Бул боюнча мыйзам чегинде токтом келген. Ага ылайык тиешелүү мекемелердин жетекчилеринен турган комиссия түзүлдү. Алар иштеп чыгып, бизге сунуш берет. Ага карап биз чечим чыгарабыз».
Китепканалар кыскарышы мүмкүн деген кабарды угаары менен Ош технологиялык окуу жайынын он студенти, ректор өзү баш болуп мэрге кат жазып бергенин шаардык китепканада иштеген Гүлмира Абжапарова айтууда. Себеби аталган окуу жайда шаардык китепкананын экинчи филиалы жайгашкан. Абжапарова ал жерге күн сайын 30дан көп окурман кирээрин айтып, кыскарышы мүмкүн деген жаңылык оор тийгенин билдирди.
«Студенттер «китепкана бизге керек. Көп убактыбызды ушул жерде өткөрөбүз» деп бизге кат жазып беришти. Ректор да жазган. Бул жерде китептер бекер берилет, акысыз окушат. Шар түзүлгөн. Мисалы, гезиттер, энциклопедиялар бар».
Китепканалардын кыскартылышы боюнча депутаттардан турган комиссия түзүлгөнүн Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков билдирди. Учурда шаардык китепканага караган 12 бөлүм болсо, алардын көпчүлүгүн жаап салуу сунушу болгонун, мындан 7-8 миллиондой каражат үнөмдөлөрүн айтууда. Назылбеков бул каражат жыл сайын бөлүнгөнү менен китепканалар иштебей жатканын айтып, жада калса алар кайда жайгашканын да көпчүлүк билбейт дейт. Ага короткон каражатты башка тармакка жумшоо пайда берерин белгилейт.
«Депутаттарга да көптөгөн арыздар келип түштү. «Кээ бир китепканалар иштебей эле турат. Анын имаратын башка социалдык багытта, муктаж нерселерге иштетсек болбойбу?» деген пикирлер көптөн бери эле айтылып келет. Бюджетти карап атканда ошолорго бөлүнгөн акчаны пайдалуу багытка бөлсөк кандай болот деген мааниде депутаттык комиссия түзүлдү. Алар иштеп жатат. Бирок азыр чечим чыга элек», -дейт Назылбеков.
Китепканаларды жабуу сунушуна жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиева каршы пикирин билдирип чыкты. Ал мындай жайларды жаба турган деңгээлге жете элекпиз дейт. Мамасалиева тескерисинчен окурмандарды тартып, атайын окуу борборлоруна айландырса болоорун сунуштоодо. Ошондой эле ушул тармакты караган вице-мэрге да нааразычылыгын айтууда.
«Вице-мэр «Ал китепканага эч ким барбай жатат. Кызматкерлер жөн эле отурат» деп айтат. Бул ой китепканалардын кергеи жоктугунда эмес да. Тескерисинче аларды жакшы иштетет албаган мэрияда болуп атпайбы. Топусун ал десе, башын кошо кесип салып жатат да. Ошол саясаттан биз алысташыбыз керек. Социалдык тармакты алып барган вице-мэр бюджеттин чыгашасын коргоп, эптеп алып калышы керек эле да. Алып калбай эле курмандыкка чалып атышат. Бул аябай өкүнүчтүү».
Вице-мэр Нурбек Кадыров китепканалар боюнча бюджет бекитилгенде кызматта болбой калганын айтып, эгер өзү болгондо көз карашын билдирет элем дейт.
«Мен жумушка чыкканда бюджеттик комитет кароо иштерин бүтүргөн болчу. Ошондуктан мен катышканада шаардык кеңешке позициямы билдирмекмин».
Шаардык китепканага караган 12 бөлүм окуу жайларда, мектептердин ичинде жайгашкан. Мекеменин жетекчиси азырынча кайсы бөлүмдөр жабыла турганы белгисиз экенин айтып, дагы бир бөлүм ачуу планы бар экенин билдирди.
Оставьте первый комментарий