
Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суунун Ынтымак айылынан Өзбекстан аркылуу Жалал-Абадка жол ачылып, декабрда пайдаланууга берилерин билдирген. Убадаланган убакыттан 3 ай өттү. Бирок, жеринде жол ачуу иштери жүрбөй турат.
Камчыбек Ташиев, маселени чечүү убадасын Оштон Жалал-Абадка каттоого көп убакыт кетип жатканын айткан депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирген.
«Буюрса, 1-декабрга чейин Жалал-Абад-Ош жолун Бек-Абад, Ынтымак посттору аркылуу ачууга үлгүрүп калабыз. Азыр жеринде катуу иштер жүрүп жатат. 10-15 күндүк иш калган. Бул маселени биз чечебиз», — деген Ташиев.
УКМК төрагасы айткан жол Кара-Суу районунун Ынтымак айылынан өтөт.
Жергиликтүү жашоочулардын маалыматында бул жол СССР тарагандан кийин 3-4 жыл гана иштеген. Андан соң көпүрөсү алынып, жол жабылган. Учурда тилкени эки өлкөнүн чек ара кызматы кайтарып турат. Ал эми, жергиликтүү бийлик жолдун кайсы учурда ачылаарын так билбейт.
«Өзбекстан менен чек ара жабылгандан кийин көпүрө бузулуп, алып салынган. Ошол боюнча көпүрө жок. Жол иштебей жабык турат. Биздин аймакта эч кандай иш аракет жүргөн жок. Бизге команда да берилген эмес. Ал жөнүндө эч маалыматым жок», — деди Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Азизбек Айткурбанов.
«Ынтымак айылы аркылуу өтүүчү жолду биз дагы күтүп жатабыз. Жол ачылат деген биздин дагы маалыматыбыз бар. Бирок, так ушул күнү ачылат деген маалыматыбыз жок», — дейт Кара-Суу районунун акиминин орун басары Болоткан Баяке уулу.
Бирок УКМКнын чек ара кызматы учурда бул багытта өзбек тарап менен биргеликте иштер жүрүп жатканын билдирүүдө.
«Бул багытта иштер жүргүзүлүүдө. Учурда кыргыз тарап өзбек тарап менен биргеликте көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу маселесинин үстүндө иштеп жатат», — деп жооп берди УКМКнын чек ара кызматынын маалымат катчысы.
Кара-Суу-Бек-Абад-Жалал-Абад жолу ачылса жүргүнчүлөр Ош-Бишкек жолу аркылуу жүрбөй дээрлик 2 саатка чукул убактысын үнөмдөй алышат. Азырынча жолдун качан ачылаары боюнча маалымат жоопсуз калды. Кара-Суу районунун акимчилиги учурда, чек ара кызматы менен коңшу Өзбекстанга жөө өтүүчү өткөрмө бекетти ишке киргизүү боюнча тыгыз иштешип жатканын кошумчалады.
Автор: Нургелди Каныбек уулу, Наргиза Анарбай кызы
Оставьте первый комментарий