Уурдалган кыргызстандык Өзбекстандан табылды

Уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды. Ага шектүү катары Наманган облусунун 2 тургуну кармалганын УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат коңшу өлкөдөгү кесиптештери менен биргеликте жүргүзгөн иштердин натыйжасында, шектүүлөр Өзбекстандын МККнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«2023-жылдын 28-февралында О.С.Т. аттуу кыргызстандык белгисиз бирөөлөр тарабынан Өзбекстандын аймагына О.Т.Т. аттуу агасын уурдап кетишкенин айтып кайрылган. 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу  алып өтүшкөн. Ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан», — деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 7-мартында уурдалган О.Т.Т. Кыргызстанга алынып келинип, жакын туугандарына өткөрүлүп берилген.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*