
Бишкектеги мурдагы “Нарын” ресторанынын ордуна курула баштаган көп тармактуу комплексти Раим Матраимов менен жакын санаалаш болгон уйгур тектүү кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр куруп жатат. Маалыматты Президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигине маек берип жатып тастыктады. 10-мартта президент Садыр Жапаров Бишкекте көп тармактуу комплекстин жана заманбап мечиттин курулушуна капсула салган.
Президент Кыргызстанга беш жылдыздуу мейманканаларды куруу үчүн инвесторлорго жер бөлүп берип, 5 жыл салыктын айрым түрлөрүнөн бошотууну убадалаганын айтты. Кайрылган инвенсторлордун арасында Хабибулла Абдукадыр да болгонун, ал буга чейин эле “Нарын” ресторанынын ордун сатып алганын билдирди.
“Биз бул инвесторго жер берген жокпуз. Ошол жерге беш жылдыздуу мейманкана салып башташты. Баасы 321 млн долларлык 37 кабаттуу мейманкана башталды. Эң бийик биринчи имарат болот. Эки жылда бүтөбүз дешти. Бүткөндөн кийин стабилдүү түрдө 2100 жумушчу орун болот. Такси кызматы, тейлөө кызматтары иштейт. Кыскасы баш айгы болуп 5 миң жумушчу орун пайда болот. Туристтер келет“, – деди Жапаров.
Маалыматка ылайык, комплекс 296 номери бар беш жылдыздуу мейманкана болот. Ошондой эле 444 батирлүү турак жай, соода аянттары жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы машине токтотуучу жай салынат.
Макулдашуулардын натыйжасында Хабибулла Абдукадыр Орто-Сай айылына 20 миң кишилик мечитти бекер куруп бермей болгон. 51 млн долларга бааланган мечит-медресенин курулушу бүткөндөн кийин муфтияттын балансына өтөт. Президент муну менен диний билим берүү жааты жолго түшөорүнө ишенээрин билдирди.
Хабибулла Абдукадыр Бишкектин ичинен жер сатып алып, ал жерге “Бишкек-Сити”деп аталган кичи шаарча курушат.Президент ишкердин бул кадамын, өлкөдө туруктуулук орногону менен түшүндүрдү. Ал кандай гана инвестор болбосун “кол чаап” тосуп алаарын белгиледи.
“Эң негизгиси кылмыш иши жок болсо, издөөдө жок болсо болду. Мага Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, баарын чакырам. Интригадан башы чыкпаган журналисттердин же саналуу адамдардын сын-пикирлеринен коркпойм. Эң негизгиси жаман иш жасап, коррупцияга аралашып кетпесем болдубу? Жалпы эл, Кудай көрүп турат баарын“— деди Садыр Жапаров .
Буга чейин «Азаттык», OCCRP жана «Клооп» басылмасы биргелешкен иликтөө жасаган. Анда Хабибула Абдукадыр туугандары менен бирге Борбор Азияда контрабандадан, салык төлөөдөн качуудан жана башка схемалардан миллиондогон киреше тапкан ачыкташкан. Мыйзамсыз иш аракеттерге Кыргыз бажысынын мурдагы жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бардыгы айтылган. Иликтөөчүлөр, Абдукадырдын үй-бүлөсү Кыргызстанда туруп чет элге кеминде 209 миллион доллар которгонун далилдешкен.
Хабибула Абдукадыр бир топ жылдан бери Кыргызстандын биринчи адамдары менен жакын мамиле түзүп келет. Кезинде мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен дагы өнөктөш болгон, кийинки президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына сыйлуу конок катары чакырылган.
Оставьте первый комментарий