
Ош шаарында 12-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулат. Тиешелүү буйрукка мэр Бакытбек Жетигенов кол койду.
Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге 2023-2024-жылдарга жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү тапшырмасы берилди.
Эреже боюнча акыркы 5 сутка абанын температурасы 8 градустан жогору сакталган учурда жылуулук берүүнү токтотсо болот. Мэриядан бул норма эске алынганын билдиришти.
Ош шаарын эки ишкана жылуулук менен камсыздайт. Ош Жылуулук электр борбору” жана Ош муниципалдык жылуулук камсыздоо ишканасы.
Ош муницпалдык жылуулук камсыздоо ишканасына таандык 88 откана болсо анын 69 электр кубатынын жардамында иштейт. Быйыл кышында маал-маалы менен жарык өчүп, жылуулук берүү да бир канча сааттап үзгүлтүккө учурап жатты.
Оставьте первый комментарий