Оштогу ”Унаа” мекемеси эми үзгүлтүксүз иштейт

ИИМге караштуу “Унаа” мекемесинин Оштогу бөлүмү 12-марттан тарта дем алышсыз иштей баштайт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Оштун тургундары эртеңден тарта аймактык бөлүмгө дем алыш күндөрү дагы кайрыла алат. Кызматкерлер  күн сайын эрте мененки саат 08:30дан кечки 17:30га чейин үзгүлтүксүз тейлөөгө милдеттендирилди.

Ушул жылдын февраль айынан тартып «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы бөлүмдөрү эс алуу күндөрү иштей баштаган. Мындай чечим транспорт каражаттарын каттоого же кайра каттоого алууну каалаган жарандардын көптүгүнө байланыштуу жана элге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн кабыл алынган.

Мекеменин маалыматына караганда,   «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош жана Бишкектеги бөлүмдөрү дем алыш күндөрү унааны каттоо, кайра каттоо жана камакка коюу, чыгаруу жаатында иш жүргүзөт. Айдоочулар курамын каттоо жана тестирлөө дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин жүргүзүлөт .

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*