Өзбекстандан мыйзамсыз жер семирткич ташыгандар кармалды

Баткенде салмагы 3,5 тонна контрабандалык жер семирткичтер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдашты.

Бажычылыр тарабынан Баткен районунда  кыргыз жарынын башкаруусунда Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүү учурунда унаадан Өзбекстандан чыккан 40 кап аммиак селитрасы табылган. Жүктүн бажылык тариздөөнү өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес. Кармалган товардын жалпы салмагы 2 тоннаны, орточо базар баасы 84 миң сомду түзөт.

Буга удаа эле дагы бир  кыргыз жаранынын башкаруусунда Ford Tansit үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Андан   30 кап аммиак селитрасы табылган.  1,5 тоннанытүзгөн жүк  63 миң сомдук деп бааланууда.

2 факт боюнча топтолгон материалдардын негизинде териштирүү иштерип жүрүп жатат.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*