
Мол түшүм алуу үчүн бак-дарактарды туура бутоо керек.
Кадамжайлык багбан Машкур Эргешов Т-Медиага бак бутоонун эрежелерин айтып берди. Багбандын 20 жылдык тажрыйбасы бар. Ал бак бутоону өз алдынча үйрөнүп алган. Учурда дарактын көлөмүнө карап, бир түбүн 10 сомдон 100 сомго чейин акы алып бутап берет.
Эргешовдун айтымында бак бутоонун эрежесин билбегендер көп жылдык мөмөлүү дарактарды жаңылыш бутап алып, кууратып коюшу мүмкүн.
- Мөмөлүү дарактарды кеч күздөн баштап, эрте жазга чейинки убакытта бутап алуу керек.
- Алма, өрүк, кайналы, бий алма сыяктуу дарактардын сөңгөгү катуу болот. Аларды ноябрдан тарта күз-кыш айларында бутаса мөмөнү жакшы берет. Жаз айларына калып кетсе тескерисинче оору пайда болот.
- Күздө буталган дарактын майда шактары чыкпайт. Жаңы бутагы чыкпаса дарак бардык күчүн мөмөсүнө жумшайт. Эрте жазда буталса жаңы бутактарын көп чыгарып, дарак алсызданып кетет.
- Эрте жазда сөңгөгү жумшак дарактар гилас, шабдаалы жүзүм, анар буталат.
Оставьте первый комментарий