Депутат сабады делген жарандын абалы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан сабалды делген жарандын абалы канаатандырарлык. Бул тууралуу «Т-Медиага» Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы Талант Жапаров билдирди.

Анын айтымында токмоктолгон жаран ооруканага 12-мартка караган түнү саат 2:30дар чамасында келип түшкөн.

«Жеңил баш жаракаты бар. Баш мээси чайкалган, мурду сынган, көзүндө да жаракат бар. Биздин дарыгерлер бүт жардамды көрсөтүп жатышат», — деди дарыгер.

Эске салсак, кечээ интернетте Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго окшош адам бир кишини ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Бир канча ЖМКлар мушташка катышкан киши Абиров экенин жазышкан. Ал арада социалдык тармактарга күзөт агенттигинде иштеген, аты аталбаган кишинин бул боюнча билдирүүсү тараган.

Бул окуядан соң, Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы 12-мартка караган түнү борбор калаадагы ресторандардын биринде мушташ болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, жабырлануучу Д. А аны белгисиз бирөө сабаганын айтып арыз жазган.

Андан соң, президенттин маалымат катчысы билдирүү таратып, өлкө башчы ички иштер министрлигине депутат катышкан окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырганын маалымдаган.

Автор Максат Боронбаев 52 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*