
ЖМКларда марттын башында дүйнө жүзү боюнча 1,1 миллиарддан ашуун жаштар кулакчындын айынан укпай калышы мүмкүндүгү тууралуу жаңылыктар жарыяланды. Анда маалымат булагы катары дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көрсөтүлгөн.
Соцтармактарда жайылтылган бул маалыматка комментарий калтыргандар сандардын көптүгүн айтып шек санашкан.
Биздин редакция бул маалыматтын чын жалганын текшерип көрдү.
Ал маалыматтарга ылайык, 2050-жылга карата планетада дээрлик 2,5 миллиард адам угуу көйгөйлөрүнөн жабыркайт. Кеминде 700 миллион адам угуунун начарлашынан улам реабилитацияга муктаж болушу мүмкүн. Ага музыканы жана подкасттарды наушник менен үзгүлтүксүз угуу себеп болушу айтылган.
2,5 миллиард адамдын угуу сезими начарлайт
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) сайтында бул тууралуу материал ушул жылдын 27-февралында чыккан.
Анда окумуштуулар негизги фактыларды келтиришип, 2050-жылга карата болжолдорду келтиришкен.
Уюмдун маалыматына ылайык, 2,5 миллиардга жакын адамдын кандайдыр бир деңгээлде угуусу начарлап жана кеминде 700 миллион адам угуу көйгөйү боюнча реабилитациялык кызматтарга муктаж болот.
Ар бир онунчу адамдын угуусу начарлайт
ДСУнун маалыматына ылайык, дүйнө калкынын 5% дан ашыгы же 430 миллион адам угуусунун начарлоосу менен күрөшүү үчүн реабилитацияга муктаж. Алардын 432 миллиону чоңдор, 34 миллиону балдар. Бул көрсөткүч 2050-жылга чейин 700 миллиондон ашышы же ар бир онунчу адамдын угуусу начарлоосу мүмкүндүгүн божомолдогон.
Мындан тышкары, ДССУ дүйнөдө 1,1 миллиарддан ашык жаштар музыканы бийик коюп укканына байланыштуу чын эле угуу сезимин жоготуу коркунучу алдында турарын маалымдаган.
Негизги себептер
Ошондой эле өмүр бою таасир этүүчү факторлор катары кулактын же баштын жаракаты, ашыкча ызы-чуу/катуу үндөр, ототоксикалык дарылар, жумушка байланыштуу ототоксиктүү химиялык заттар, тамактануунун жетишсиздиги, вирустук инфекциялар жана башка кулак ооруларын аталган.
Жыйынтык: ЖМКларда тараган маалыматтар чын. ДСУ дүйнөдө 1,1 миллиарддан ашуун жаштар кулакчындын айынан укпай калышы мүмкүндүгүн маалымдаган.
Оставьте первый комментарий